АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкары 3-сессиясы
2021-жылдын 13-июлу № 3-4
Ак-Коргон айыл аймагындагы Падек айылынын А.Зулпукаров көчөсүнүн тургундарын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы А.Зулпукаров көчөсүнүн жашоочуларын тазасуу менен камсыз кылуу максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен Падек айылындагы А.Зулпукаров көчөсүндө жаңы казылган скважинага керектелүүчү 300 м электро кабель жана 10х65х110 дук насос үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |