КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 9
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде акча каражаты тартыш болгондуктан ар кандай чыгымдарга акча каражаты аз каралып калган, ошондуктан 2021-жылы кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде төмөндөгү иш чара боюнча 3-кварталга өзгөртүү киргизилсин.
- Тон районунун мамлекеттик администрациясынын 01.06.2021-ж. №117 тескемесинин негизинде, айыл өкмөтүнүн МЧСке каралган акча каражатынан 33000сом район боюнча малчылардын майрамын өткөрүү үчүн өзгөртүлүп каралып берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |