Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

2021-жылдын 11-августу № 10

Айыл аймагында жайыт тартибин камсыз кылуу жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жана Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл аймагындагы идентификациядан өтпөгөн топоздорду идентификациядан өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлсүн.

2. Жакынкы жайыттарды рационалдуу пайдалануу максатында айыл аймагындагы топоздор алыскы сырт өрөөнүнө кетирилсин.

3. Топоз ээлерине бир жума аралыгында топоздорун сырт өрөөнүнө кетирүү боюнча эскертүүлөр берилсин.

4. Бир жума аралыгында топоздорун кетирбеген мал ээлерине Кыргыз Ресубликасынын “Бузуулар боюнча” Кодексине ылайык айып пулдар салынсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын башчысына жана жайыт комитетине, көзөмөлү агрардык комитетке жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Муканбетов