КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2021-жылдын 11-августу № 11
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде акча каражаты тартыш болгондуктан ар кандай чыгымдарга акча каражаты аз каралып калган. 2021-жылы кабыл алынган бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылга кабыл алынган бюджетине төмөндөгү иш чара боюнча 3-кварталга өзгөртүү киргизилсин.
- Тогуз-Булак жаштар борборунун кароолчусуна каралган 14100сомду;
- Конур-Өлөң административдик имаратынын кароолчусуна каралган 14000сомду- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата майрамдык иш чараларды өткөрүүгө кайра өзгөртүлсүн жана салыктын планын аткаруу менен 4-кварталда төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөттүн башчысы Рыспай уулу Тойчубекке, көзөмөлү бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |