КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 13
Сырт өрөөнүндөгү “Калча” участогуна курулган үй тууралуу
Конур-Өлөн айылынын жашоочуларынын 20.09.2021-ж жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Сырт өрөөнүндөгү “Калча” участогуна белгисиз адамдар тарабынан курулган үйдүн имаратынын абалын аныктоо боюнча айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлсүн.
2. Комиссия жеринде барып көрүү менен имараттын курулуш курууга уруксаат берүүчү кагаздарын такташсын жана тиешелүү актыларды түзүшсүн.
3. Имарат айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
4. Азыркы учурда жашап жаткан Жусупакматов Азат Тойчубековичке имараттын учурдагы абалынынын сакталышына жооптуу экендиги белгиленсин жана убактылуу жашап туруусуна уруксаат берилсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
6. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | Э.Муканбетов |