Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2021-жылдын 18-октябры № 15

Айыл аймагындагы мектептерге электрондук журнал ачуу үчүн акча каражатын кароо тууралуу

Көл-Төр айыл аймагындагы мектеп директорлорунун кайрылуусун жана айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан 18000 (он сегиз миң) сом Көл-Төр айыл аймагындагы мектептерди электрондук журнал менен камсыз кылууга өзгөртүлүп, каралып берилсин.

 

2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Муканбетов