КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 20-октябры № 16
Көл-Төр айылындагы бала бакчасынын ата-энелер төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү тууралуу
Көл-Төр айылынын бала бакчасынын директорунун билдирүүсүнүн жана ата-энелер комитетинин чогулушунун 20.10.2021-ж. №1 протоколунун негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын Көл-Төр айылындагы “№9 Көл-Төр бала бакчасынын” ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмү бир айга 1000 (миң) сомдон белгиленип, тамак-аш үчүн айына 1000 (миң) сомдон, жалпы 40 тарбиялануучу үчүн 80 000 (сексен миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Акча каражатын төлөөгө жана бала бакчанын тарбиялануучуларынын тамак-ашына жана башка муктаждыктарына жумшоо үчүн атайын эсеп ачып, иш алып баруу Көл-Төр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |