КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
2021-жылдын 20-октябры № 17
Көл-Төр айылындагы айылдык клубдун имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу тууралуу
Көл-Төр айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын Көл-Төр айылында 2-04-03-1002-0279 идентификациялык кодунда жайгашкан Көл-Төр айылдык клубунун имараты Көл-Төр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн имаратты мыйзамга ылайык муниципалдык менчикке алуу жана каттоодон өткөрүү Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |