Редакцияот 15.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ – ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы – Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 15-сентябры № 15

Жаңы – Жол айыл аймагынын Жаңы – Жол айылындагы Кара-Суу айылына кеткен жаңы конуштун эки тарабына кеткен аты жок көчөгө маркум Абдразаков Молдоташынын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жетекчиликке алуу менен Жаңы – Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы – Жол айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 1 чечими эске алынсын (чечим тиркелет).

2. Жаңы – Жол айыл аймагынын Жаңы – Жол айылынын этегинен Кара-Суу айылына чейинки аты жок көчөгө маркум Абдразаков Молдоташынын ысымы ыйгарылсын.

3. “Абдразаков Молдоташы” атындагы көчөнүн тазалыгына, ирээттүүлүгүнө, архитектуралык талабына жооп берүүсү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана табличкалар менен камсыз кылуу жагы маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Т.Өзүбеков