Редакцияот 15.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ – ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы – Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 15-сентябры № 20

Бала-Чычкан айылынын тургуну Мураталиев Акчабайга "Ардактуу атуул" наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы-Жол айылдык кеңешинин "Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 2 чечими эске алынсын.

 

2. Бала-Чычкан айылынын тургуну Мураталиев Акчабайга Жаңы-Жол айыл аймагынын "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылсын.

 

3. Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Тойгонбаевге жүктөлсүн.

 

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Т. Өзүбеков