Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХII сессиясы

2022-жылдын 16-сентябры № 52

“Каргалык айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу жөнүндө”

 

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.2022-жылдагы чыгыш № 01-16/2906 сандуу катын негиздеп, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,  

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

Каргалык айыл аймагында Жергиликтүү Курултай 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10: 00дө Казарман айылындагы Маданият үйүнүн имаратында өткөрүлсүн.

Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айыл аймактын төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн; Казарман, Макмал, Чет-Булак айылы.

Каргалык айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн;

Казарман айылы боюнча делегаттардын саны - 80 адам;

Чет-Булак, Макмал айылы боюнча делегаттардын саны - 20 адам;

 Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин;

 Чет-Булак айылында 2022-жылдын 17 - октябрь күнү саат 10:00дө Маданият үйүнүн имаратында;

 Казарман айылында 2022-жылдын 18 - октябрь күнү саат 10:00дө Маданият үйүнүн имаратында;

 Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактык бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин;

Жээналиев Майрамбек Макенович - Чет-Булак айылы боюнча,

Атыканов Анарбек Кадыкеевич - Казарман айылы боюнча.

 Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 11 (он бир) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн;

Токтоболотов Таалайбек Иманович -  жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңешинин төрагасы,

Акматова Жаңылбүбү Токтосуновна  -   жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы,

Атыканов Анарбек Кадыкеевич - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,

Мукашов Сталбек Мукашович - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,

Бакасова Нурлана Бакасовна - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,

Жээналиев Майрамбек Макенович - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,

Чөкөнбаева Майрамбүбү Орозмамбетовна - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин мүчөсү,

Сулайманова Рима Карыпбаевна - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрайымы,

Абдыманбетов Арафат Аканович - жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи,

Чыбылдиев Урматбек Турарович - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык айыл өкмөтүнүн айыл башчысы,

Балапанов Нурланбек Манапбаевич - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык  Чет-Булак айылынын айыл башчысы,

 

2022-жылдын 1-ноябрына чейин жергиликтүү кеңешке Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын көрсөткөн жыйындардын, чогулуштардын протоколдорун жана делегаттардын анкеталары менен берүү  Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тийиштүү комиссияларга милдеттендирилсин.

Жергиликтүү Курултайдын делегаттарына 2022-жылдын 4-ноябрынан кечиктирбей мандаттарын тапшыруу жагы жергиликтүү кеңешке жана Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тийиштүү комиссияларга жүктөлсүн.

Бул токтом Каргалык айыл  өкмөтүнүн  http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына

жарыялансын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Токтоболотов Таалайбек Имановичке тапшырылсын.

 

Каргалык  айылдык  кеңешинин 

төрагасынын орун басары:                                                                                                                                                                                                                                                                                    Н.А.Тагайбекова