Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 16-февралы № 07

Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

(Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 07-августундагы № 07 токтомунун редакцияларына ылайык)

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Балта шаарынын 2023-жылдын бюджетинен «Универсал» МИ сметасы аркылуу лизингге 4 даана атайын техника сатып алууга 7513,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

(Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 07-августундагы № 07 токтомунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак-жай коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

___________________________________________________________________________

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, КР Юстиция Министрлигине.

 

 

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев