КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-январы № 26/IX-2
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022-жылга бюджетин бекитүү жана 2022- 2023 жылдарга болжолу жөнүндө
“2022 – жылга Мамлекеттик бюджет жөнүндө жана 2023 – 2024 жылдарга болгон болжолу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негиздеринде, жана Кайыңды шаарынын мэриясынын 2022 – жылга бюджет долбоорун жана 2023- 2024 жылдарга болжолун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020 – жылдын бюджети киреше жана чыгаша жактары менен - 39641,6 миң сому менен бекитилсин. Анын ичинен атайын эсеп - 4000,0 миң сом.
2.Кайыңды шаарынын 2023-2024 -жылдар карата бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
1)Божомол боюнча кирешелер жана чыгашалар 2023 – жылга – 40855,6 миң сом суммасында, 2024 – жылга – 41739,6 миң сом.
2) Шаардын бюджетинин 2023-2024 -жылдарга жактырылган болжолдуу параметрлери ар бир конкреттүү мезгилде такталып кабыл алууда. Кайыңды шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү 2022 - жылга жана 2023- 2024 – жылдарга болжол боюнча булактар эсебинен түшүүлөрдүн негизинде аныкталып түзүлөт.
3. Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы МП «Каинда Сервис» божомол боюнча кирешелер жана чыгашалар 2022-жылга 4477,2 миң сому менен бекитилсин.
4. 2022 - жылга кеткен чыгымдарды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
Мында биринчи кезекте чыгашалар корголгон беренелер боюнча каржылансын (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр, тамак-аш, калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар жана коммуналдык кызматтар).
1) Бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы вакансиялардын жана ченемдик - укуктук актыларынын кабыл алынышына байланыштуу чыгашалардын корголгон беренелеринин азайтылышы мүмкүн.
2) 2021 – жылда төлөнбөй калган каражаттар 2022 – жылга каралган
бюджетинин негизинде төлөнүп берилсин.
3) Кайыңды шаарынын мэриясы,Кайыңды шаардык кенешинин жана Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн кызматкерлеринин айлык акысына кошумча 1000 сом суммасында, тамактануусуна жана жол киресине төлөнүп берилсин.
4)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 – жылынын 27- апрелиндеги № 258 Токтомунун, “Эмгектин шарттары зыяндуу же кооптуу оор жумуштар, эмгектин өзгөчө шарттары бар жумуштар” (оор жумуштар, зыяндуу жумуштар,коркунучтуу жана өзгөчө климаттык шарттар менен иштеген) Типтүү тизмесинин негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлерине, мэриянын аппаратынын кызматкерлерине жана мэриянын китепканасынын кызматкерлерине шаардык бюджеттен кошумча толөмдөр белгиленсин.
5) “Ден соолук” бөлүмү ачылсын жана штаттык саны – 6 өлчөмүндө бекитилсин.
6) Келишимдин негизинде аксакалдар сотуна 3000 сом айлык акы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасында колдонулган мыйзамга ылайык жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен аппараттардын жана мекемелердин кызматкерлерине сый акы жана үстөк акы берүү укугу Кайыңды шаарынын мэрине сакталсын.
6. 01.01.2021 – жылга карата жылдын башындагы калган 1353,4 миң сом суммасындагы акча каражаттары 2111 “Эмгек акы” беренесине – 1154,3 миң сом жана 2121 “ Социалдык фонд” беренесине – 199,1 миң сом жумшалсын.
7. 01.01.2021 – жылга карата жылдын башындагы калган бюджеттик мекемелердин - 232,2 миң сом суммасындагы атайын акча каражаттары 2221 “ Мончонун учурдагы ремонту” беренесине – 48,9 миң сом жана “Бала бакча” бөлүмүнүн 2222 беренесине – 183,3 миң сом жумшалсын.
8. Бюджеттик мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине беш күндүк
мөөнөттө бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасын берүү жана бөлүнгөн каражаттардын чегинде максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов