Редакцияот 27.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2022-жылдын 27-декабры № 34

 

Стимулирующий грант үчүн акча каражатын кароо жөнүндө

 

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсүн айылдык кеңешинин финансы бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун № 5 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат

 

1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнөн 2023-жылга Стимулирующий грантка 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин финансы бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

Ибраим уулу Т.