Редакцияот 25.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII Сессиясы

 

2022-жылдын 25-ноябры № 78

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликүү бюджетинин сметасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүусүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы соц.обьектилеринин жалпы чыгымдарына 1535,0 мин сомду, кызмат көрсөтүү жана түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына жылдырылып, бекитилүүсүнө макулдук берилсин

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

Ж. Шадиманова