Редакцияот 25.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII Сессиясы

 

2022-жылдын 25-ноябры № 79

Кара-Бак айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак  айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Бак айылындагы “Достук” көчөсүн “Саттаров Турдубай” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

Ж. Шадиманова