Редакцияот 01.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 24-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2022-жылдын 1-ноябры № 1

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюжетинин 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 24-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде киреше бөлүгү 36 721 400 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү 49 295 825 сомду түзүп,

- Аппаратка 11 527 941 сом

- Аппаратын атайын каражатына 99 900 сом

- Мектептерге 4 568 356 сом

- Бала бакчаларга 7 452 090 сом

- Бала бакчалардын атайын каражаттарына 972000 сом

- Китепканаларга 1 143 493 сом

- Маданий иш чараларга 923 600 сом

- Клубтарга 1 170 249 сом

- Өзгөчө кырдаалдарга 1 014 975 сом

- ЖКХ 14 398 408 сом

- Социалдык жардамдарга 238 500 сом

- Компенсацияга 1 402 500 сом

- Айылдык кеңешке 475 278 сом

- Соц пакет 3 140 600 сом

- Статистке 259 290 сом

- Жайытка 508 645 сом жумшалгандыгы канаатандыраарлык деп табылсын.

 

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

Г. Мадалиев