Редакцияот 20.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 20-августу № 1

Достук айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын жана Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезекиз VII сессиясы күн тартибинде угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жактырылсын.

 

2. Достук айыл өкмөтүнүн төмөндөгү тургундарына Достук айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

 

 - З.Д.Мамасадыков;

 - Р.С.Истамкулов;

 - Ж.Асанбаева

 

3. Төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды тапшыруу аземи эгемендүүлүк күнүнө карата уюштуруу Достук айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

4. Токтомду аткаруу достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковго милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев