ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 3
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясын түзүү жана “Диалогдук аянтча жөнүндө” Жобону бекитүү
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комисиясын түзүү жана диалогдук аянтча жөнүндө ЖОБОну бекитүү максатында Достук айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы” төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кадыркулова Базаркан;
- Башихтинова Наргиза ;
- Айдаралиев Эрнист;
- Абдрашит уулу Эламан;
- Кубанычбек уулу Рысбек.
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, аярлуу топтордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана айыл аймагынын экономикалык, социалдык, маданий, саясий маселелерин жана көйгөйлөрүн биргелешип чечүү максатында Диалогдук аянтча түзүлсүн жана Жобосу бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары С.Ташбаевага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |