Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 5-ноябры № 5

Шамалды-Сай айылынын Фрунзе-1, Фрунзе-2, Кулатов жана А.Осмонов көчөсүнө асфальт төшөө долбоорун кароо жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шамалды Сай айылынын Фрунзе-1, Фрунзе-2, Кулатов жана А.Осмонов көчөсүнө асфальт төшөө долбоору приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча каражат бөлүү Ноокен райондук Өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн.

 

2. Шамалды Сай айылынын Фрунзе-1 көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна 78 301 сом, Фрунзе-2 көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна 107 666 сом, Кулатов көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна 283 782 сом, А.Осмонов көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна 77 220 сом, Достук айыл өкмөтүнүн 2021-жылкы бюджетинин эсебинен өздүк салым эсебинде ажыратылып берилсин.

 

3. Каражатты ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Абдышовго милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев