Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 5-ноябры № 7

Мал жандыктардын элдин эгинине, бактарга зыян келтирүүсү тууралуу

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Достук айыл аймагындагы жашаган тургундардын мал жандыктарынын элдин эгинине түшүп зыян келтирген учурда, жылдын 1-мартынан 1-декабрына чейин келтирилген зыян толугу менен төлөнүп берилсин.

 

2. Келтирилген зыян үчүн төмөндөгүдөй айып акча төлөшсүн:

- жылкы, эшек жана бодо малдын ар бир башына-5000(беш миң) сом,

- майда жандыктардын ар бир башына 2000(эки миң)сомдон айып акча;

- бактарга зыян келтирген учурда тосмону бузуп кирген ар бир жандык үчүн 5000(беш миң) сом айып акча жана келтирилген зыян толугу менен.

 

3. Көрктөндүрүү жашылдандыруу үчүн эгилген бак дарактарга,гүлдөргө келтирилген зыян үчүн 5000(беш) миңден 10000(он) миңге чейин айып акча төлөнсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, айыл башчыларга, айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотуна,жүктɵлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев