ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-декабры № 20
“Айыл өкмөтүнө келген Кыргыз почтасынын катынын негизинде Кичи-Жаргылчак айылына почта имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз почтасынын демилгеси менен Кичи-Жаргылчак айылына почта имаратын курууга макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат.
1. Кичи-Жаргылчак айылына почта имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Жер аянтын аныктап,тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Төлөков У.П. тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков. |