ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-июлу № 11
“Инвестор аркылуу таш кесүүчү станок ишканасын курууга жер аянтын берүү жөнүндө”
Аймакта инвестор аркылуу таш кесүүчү станок ишканасын курууга жер аянтын берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV сессиясы токтом кылат.
1. Аймакта инвестор аркылуу таш кесүүчү станок ишканасын курууга жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси У.П.Төлөковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Ж.Молдакунов |