Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 19-октябры № 28-8/2

2021-2022- жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктар жѳнʏндѳ

«Жылуулук менен жабдуу ишканасы» КИсинин жетекчиси А.Орозалиевдин жана «Жылуулук» КИсинин жетекчиси К.Токбаевдин «2021-2022-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктар» жѳнʏндѳгʏ маалыматтарын угуп жана талкуулап, унаа, жолдор, турак-жай, энергетика, коммуналдык жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. «Жылуулук менен жабдуу ишканасы» КИсинин жетекчиси А.Орозалиевдин жана «Жылуулук» КИсинин жетекчиси К.Токбаевдин «2021-2022- жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктар» жѳнʏндѳгʏ маалыматтары эске алынсын.

2. «Жылуулук менен жабдуу ишканасы» КИсинин жетекчиси А.Орозалиев жана «Жылуулук» КИсинин жетекчиси К.Токбаев:

- кѳмʏр ташуу жана аны тиешелʏʏ ѳлчѳмгѳ жеткирʏʏ боюнча тез арада иш алып барышсын;

- катуу отундун берилиши жана сарпталышы боюнча кʏнʏмдʏк эсепке алуу журналын ачып, температура шарттарын сактоо боюнча маалыматтарды кʏн сайын мэрияга беришсин;

3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ унаа, жолдор, турак-жай, энергетика, коммуналдык жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Т.Ж.Акимканов