Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 19-октябры № 28-8/3

Каракол шаарынын 2021-жылга жергиликтʏʏ бюджетинин киреше бѳлʏгʏнʏн бекитилген планына ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2021-жылдын 30-сентябрындагы, чыг:№01-16-3099 кайрылуу катын карап жана талкуулап экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. Каракол шаарынын 2021-жылга бекитилген жергиликтʏʏ бюджетине тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏлѳр киргизилсин:

- салык кирешелер боюнча план кѳбѳйтʏлсʏн-«Салык агенти тарабынан тѳлѳнʏʏчʏ киреше салыгы» -20000,0 (жыйырма миллион) сомго;

- салык эмес кирешелер планы кыскарсын - «калктуу пунктардагы жердин ижара акысына тѳлѳѳ» -15000,0 (он беш миллион) сомго;

- атайы каражаттар боюнча план кыскарсын -2 919,8 (эки миллион тогуз жʏз он тогуз миң сегиз жʏз) сомго.

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын

4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Т.Ж.Акимканов