Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 2

Шайдан айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планын кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планы боюнча маалыматы эске алынсын.

 

2. Шайдан айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планын маалыматын угуп жана талкуулап алымча кошумчасы менен бекитилсин (иш-пландар тиркелет).

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрага, төрайымдарына милдеттендирилсин .

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тешебаев