ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 4
Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын тургуну Б.Сатиеванын 28.06.2021-жылдагы кириш № С-05 сандуу арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Бирдик айылынын тургуну Б.Сатиеванын 28.06.2021-жылдагы кириш № С-05 сандуу арызынын негизинде токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын тургуну Б.Сатиевага жогорку МТФ участкасынан трансформациядан өткөн муниципалдык жер аянттынан 0,08 га жер тилкеси турак жай куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мыктаровго милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |