ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 6
Шайдан айыл өкмөтүнүн Үч-Там участкасынын А.Базаркулов көчөсүнүн жашоочуларынын 23.05.2021-жылдагы кириш № Ж.М-02 сандуу арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айыл өкмөтүнүн Үч-Там участкасынын А.Базаркулов көчөсүнүн жашоочуларынын 23.05.2021-жылдагы кириш № Ж.М-02 сандуу арызын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Үч-Там участкасынын А.Базаркулов көчөсүнүн жашоочуларынын жүргүнчүлөр жана автоунаа жүрүүчү жолун мыйзам чегинде тактап берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнун башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комисиясынын төрагасы А.Мыктаровго милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |