ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 9
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 27.02.2021-жылдагы № 06-3/266 сандуу катын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 27.02.2021-жылдагы №06-3/266 сандуу катын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. “Кыргыз Туусу” гезитинин областык атайын кабарчысы Б.К.Сопубековдун “Жалал-Абад облусу-Эгемендүүлуктун арымы менен” атуу китебине 10000 (он миң) сом акча каражаты Шайдан айыл өкмөтунун жергиликтүү боюджетинен ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу болюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |