ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 10
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 26.06.2021-жылдагы № 147-б сандуу буйругун кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 26.06.2021-жылдагы № 147-б сандуу буйругун талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 30.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу болюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго жана айыл өкмөт башчысы К.Еркуловко тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |