ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 13
Шайдан айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Кыргоо көчөсүнө тургуну Ч.Асанованын 16.07.2021-жылдагы кириш № А- 08 сандуу арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын Кыргоо көчөсүнө тургуну Ч.Асанованын 16.07.2021-жылдагы кириш № А- 08 сандуу арызын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комисиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Акматкулов Нурмаматтын үйүнөн тартып Турдукулов Надирдин үйүнө чейинки аралыка Асанов Тургундун ысымы ыйгарылсын.
3. Акматкулов Нурмаматтын үйүнөн тартып Турдукулов Надирдин үйүнө чейинки аралыка Асанов Тургундун ысымы ыйгарылган көчөнү базалык каттоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Акматкулов Нурмаматтын үйүнөн тартып Турдукулов Надирдин үйүнө чейинки аралыка Асанов Тургундун ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго жана маркум Асанов Тургундун кызы Чачикей Асановага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комисиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |