Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 15

Шайдан айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын тургуну А.Капаровдун 22.07.2021-жылдагы кириш № К- 09 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айыл өкмөтүнун Жаңы-Арык айылынын тургуну А.Капаровдун 22.07.2021-жылдагы кириш № К- 09 сандуу кайрылуусун талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

2. №42 Э.Давлетов а.м. тартып Раимов Маккамбайдын үйүнө чейин Садирова Курманжандын ысымы ыйгарылсын.

3. №42 Э.Давлетов а.м. тартып Раимов Маккамбайдын үйүнө чейин Садирова Курманжандын ысымы ыйгарылган көчөнү базалык каттоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.

4. №42 Э.Давлетов а.м. тартып Раимов Маккамбайдын үйүнө чейин Садирова Курманжандын ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго жана Садирова Курманжандын уулу Капаров Анарбайга милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тешебаев