ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 16
Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Тотонбай участкасынын тургун Тешебаева Салиянын 30.06.2021-жылдагы арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылынын Тотонбай участкасындагы жаңы курулуп, пайдаланууга берилип жаткан 100 орундуу балдар бакчасына Тешебаева Салиянын ысымын ыйгаруу жөнүндө арызын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комисиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Тотонбай участкасындагы жаңыдан курулушу аяктап калган балдар бакчасына жергиликтүү тургун баатыр эне Тешебаева Салиянын ысымы ыйгарылсын.
3. Тотонбай участкасындагы балдар бакчасына Тешебаева Салиянын ысымы ыйгарылган көчөнү базалык каттоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |