Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 20

Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылына караштуу Титовник көчөсүнүн тургуну Чолпонов Калдарбек Карымшаковичтин 15.07.2020-жылдагы кириш № Ч – 114 сандуу кайрылуусун кайрадан кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылына караштуу Титовник көчөсүнүн тургуну Чолпонов Калдарбек Карымшаковичтин 15.07.2020-жылдагы кириш № Ч – 114 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин депутаты У. Чолпоновтун маалыматы эске алынсын.

 

2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылына караштуу Титовник көчөсүндөгү муниципалдык менчикте турган 0,70га суу кампасынан Титовник көчөсүнүн тургуну Чолпонов Калдарбекке турак-жай куруу үчүн 0,30га жер тилкеси ажыратылып берилсин.

 

3. Аталган 0,30га жер тилкесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мыктаровго милдеттендирилсин.

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тешебаев