ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 21
Шайдан айыл өкмөтүнүн Жон-Арык айылынын айыл башчысы Ж.Ботоевдин 09.08.2021-жылдагы № 01-35/324 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айыл өкмөтүнүн Жон-Арык айылынын айыл башчысы Ж.Ботоевдин 09.08.2021-жылдагы № 01-35/324 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, бала бакчалардын астынан өткөн жолго жол коопсуздугун сактоо жана кырсыктын алдын алуу максатында ылдамдыкты азайтуучу тосмо (лежащий полицейский) орнотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |