ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-августу № 29
Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылына жаштар үчүн күрөш залын куруу долбооруна 464700 сом өздүк салымын төлөө жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловдун Бирдик айылына жаштар үчүн күрөш залын куруу долбоорунун өздүк салымын төлөө жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловдун Бирдик айылына жаштар үчүн күрөш залын куруу долбооруна 464700 сом өздүк салымын төлөө жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылына жаштар үчүн күрөш залын куруу долбооруна төлөнүүчү 464700 ( төрт жүз алтымыш төрт миң жети жүз) сом өздүк салымды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн Бирдик айылына жаштар үчүн күрөш залын куруу долбооруна төлөнүүчү өздүк салымды айыл тургундарынан жана демөөрчүлөрдүн эсебинен төлөө сунушталсын.
4. Бирдик айылына жаштар үчүн күрөш залын куруу долбоору аяктагандан кийин спорт залдын коммуналдык чыгымыдары жана түрдүү чыгымдары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |