КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 13-3
“Кызыл-Туу айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, ИАС-КВнын төрагасы М. Матиевдин “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында жасалып жаткан иштери боюнча кеңири баяндамасынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” “Социалдык-экономискалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрун чыңдоо” 1В подкомпонентинин алкагында 2023-жылга карата калдык суммаларга максаттуу айылдарда өткөрүлгөн фокус-топтордун жыйынтыгы менен тандалып алынган көйгөйлөр артыкчылыктуу көйгөй деп табылсын жана айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин (тиркеме тиркелет)
2. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтү М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |
Тиркеме 1 |
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 10-февралындагы кезектеги 13-сессиясынын №13-3 токтому менен бекитилген |
№ | Жергиликтүү долбоордун аталышы | Күтүлүүчү натыйжалар | Ишке ашырылуучу айыл\конуш | Аткаруу мөнөөтү (план) | Бюджет (сом) | ||||
Башталышы (ай, жыл) | аяктышы (ай, жыл) | Жалпы сумма | Анын ичинен: | ||||||
ЖККД СASA-1000 | Жергиликтүү бюджет | Башка булактар | |||||||
1 | О. Муратов мектебине интеративдүү доска сатып алуу | Мектеп окуучуларынын билим денгээлин жогорулатууга шарт тузүлөт | таштак | Март 2023 | Май 2023 | 225 000 | 225 000 |
|
|
2 | Жашасын-2 мектебине компьютер, принтер, проектор сатып алуу | Мектеп окуучуларынын билим денгээлин жогорулатууга шарт тузүлөт | Жашасын-2 | Март 2023 | Июнь 2023 | 518 840 | 518 840 |
|
|
3 | Достук бала бакчасынын жылытуу системасын оңдоо жана эмерек сатып алуу | Бала бакчанын тарбиялануучуларына шарт түзулөт | Кызыл-Сенир | Март 2023 | Июнь 2023 | 4 314 000 | 4314 000 |
|
|
4 | А. Матиев мектебине китепкана жана музей куруу | Мектеп окуучулардын билим денгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт | Көк-Булак 1 | Март 2023- | Июнь 2023 | 2 835 000 | 2 835 000 |
|
|
5 | К. Төрамаматов мектебинин ашканасын ремонттоо | Мектеп окуучулардын билим денгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт | Талаа-Булак | Апрель 2023- | Июнь 2023 | 1 020 085 | 1 020 085 |
|
|