Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 13-6

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 22-ноярь 2022-жылдагы жана 24-январь 2023-жылдагы отурумунун протоколдорун негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылындагы Көк-Булак участкасындагы №3 контурундагы 0,10 га, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы №59 контурундагы 0,10 га жана №61 контурундагы 0,40 га, Мундуз айылындагы айыл конушундагы 0,0182 га жер аянттары муниципалдык менчике алынсын.

 

2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев