КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 13-7
“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдар аралыгында бюджеттин аткарылышынын текшерүү жыйынтыгы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдар аралыгында бюджеттин аткарылышына жургүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча түзулгөн отчетторду жана жазма буйрукту эске алып, айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясында талкууланып жана төрагасынын баяндамасын угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдар аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрук аткарууга алынсын.
2. 2020-2021-жылдар аралыгында бюджеттин аткарылышы боюнча тиешелүү адистерге, жоопкерчиликтерин кароо жана кемчиликтер боюнча баа берүү жана калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |