КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 13-8
“Кара-Көл айылына баруучу жол жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин №6-443/23 31-январь 2023-жылдагы катынын негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн биринчи Элдик Курултайда көтөрүлгөн Кара-Көл айылына баруучу жол боюнча №01-16/128 10-февраль 2023-жылдагы кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Кара-Көл айылында туризмди өнүктүрүү максатында, айылга бара турган 7 км таш төшөлгөн муниципалдык жолду, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин балансындагы “Сузак-Каду” автожолуна кошууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |