КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 10-февралы № 13-10
“Жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнундө” Жарлыгынын 5-пунктуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөүнүн башчысынын орун басары маалыматын угуп, айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери” бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |