КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-январы № 30/IX-6
Суу сакталган жерлердин (көлмөлөрдүн) сууну коргоо зонасы жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Суу сакталган жерлердин (көлмөлөрдүн) сууну коргоо зонасы” жөнүндө катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995 – жылдын 7 – июнундагы № 271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы суу коргоо зоналары жана суу объектилеринин зоналары” жөнүндө Жобонун 21 – пунктунун, 5 – беренесине ылайык , Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыды шаарындагы суу сакталган жерлердин (көлмөлөрдүн) суу коргоо тилкелеринин туурасы – 30 м. болгон суу коргоочу тилкелери бекитилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов