КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-январы № 25/IX-1
“Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021 – жылынын бюджетинин аткарылышы” боюнча Кайыңды шаарынын мэринин отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34 беренесинин 6 пунктунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын
2021 – жылынын бюджетинин аткарылышы” жөнүндө отчетун угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021 – жылынын бюджетинин аткарылышы” жөнүндө отчету эске алынсын.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов