Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 30-ноябры № 23/VII-2

 

Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Бюджеттин киреше бөлүгүндө пландан тышкары кирешелерди эске алуу менен каржы жана үнөм бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп, ошондой эле “ Кайыңды сервис” муниципалдык ишканасынын башчысынын катынын  негизинде, “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  “ Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 708 жана 109  беренелеринин негизинде,  Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнө – 3500,0 мин сомго 311 “Башка автотранспорт каражаттарын алуу” беренесинин негизинде 1(даана) эксковатор сатып алууга макулдук берилсин жана балдар аянтчаларын 4 (даана) өлчөмүндө сатып алууга жана орнотууга макулдук берилсин.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин  бюджет  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

                 

Төраганын м.а.                                                                                                                                                                                                                                                                                        У.Б. Абдрасулов