КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 14-ноябры № 20/VI-1
Панфилов райондук өнүгүү фондунан каржылоо үчүн проекттик сунуштаманы иштеп чыгуга макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021 – жылынын 2- ноябрындагы № 01-6\778 “Панфилов районунун Прокуратурасынын имаратын капиталдык оңдоого,Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын аймагын көрктөндүрүү үчүн, Кайыңды шаарындагы ҮДТ нун жаңы имаратынын аймагын тосуу үчүн, Панфилов райондук өнүгүү фондунан каржылоого проекттик сунуштаманы иштеп чыгуу үчүн макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып , Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Панфилов райондук өнүгүү фондунан төмөнкү иш чараларды каржылоо үчүн проекттик сунуштаманы иштеп чыгууга макулдук берилсин.
Панфилов районунун Прокуратурасынын имаратын капиталдык оңдоого.
Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын аймагын көрктөндүрүү үчүн.
Кайыңды шаарындагы ҮДТ нун жаңы имаратынын аймагын тосуу үчүн.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.а. У.Б. Абдрасулов