КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-октябры № 19/V-2
“Күз – кыш мезгилине даярдык көрүүгө акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Күз- кыш мезгилине даярдык көрүү максатында , бир жолку финансылык колдоо көрсөтүү максатында Кайыңды шаардык кенешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн, Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызматкерлерине.” Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 31- пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
Кайыңды шаардык кенешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн, Кайыңды шаарынын китепканасынын кызмат адамдарына 5000 миң. сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгана жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..
Төрага Э.Т. Иманкулов