КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 1-октябры № 18/V-1
“ Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө”
Кайыңды шаардык кенешинин төрагасы Э.Т. Иманкуловдун 2021 – жылдын 28- ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна талапкерлигин койгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызын карап чыгып, 2011 – жылдын 2- июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө “Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21- беренесин сактоо макс атында, ошндой эле “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесинин 1пп.2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайынды шаардык кеңешинин төрагасы Э.Т. Иманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулсун, депутаттык укуктарынын сакталышы менен.
2. 2021- жылдын 02- октябрынан баштап Кайыңды шаардык кенешинин төрагасын шайлоо натыйжаларын аныктоого чейин Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруу, Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Абдрасулов Урмат Бейшеналыевичке убактылуу жүктөлсүн.
3. Ушул токтом өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй- Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т.Иманкулов