КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-январы № 27/IX-3
Муниципалдык мончого баруу акысын жогорулатуу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык мүлк боюнча бөлүмүнүн катын карап чыгып, турмуш – тиричилик товарлардын жана катуу отундун бааларынын өсүшүнө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Муниципалдык мончого баруу акысы бир кишиге – 150 сомго чейин көтөрүлсүн.
сауна бөлмөсү – саатына 500 сом болсун.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов