Загрузка документа…
| № 1 Тиркеме Шаардык кеңешинин токтомуна 2023-ж. “16” февраль № 04 |
Кара-Балта шаарынын спортчуларын жана машыктыруучуларын сыйлоо жөнүндө
Бул жобо Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, дүйнө чемпионаттарында, U- 23 дүйнө чемпионаттарында, Азия чемпионаттарында, ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаттарында, Кыргызстан чемпионаттарында жана Ислам оюндарында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоону аныктайт:
1. Жалпы жобо
1.1. Бул Жобо Кара-Балта шаарынын жарандарын сергек жашоого үндөө, кылмыштуулук менен күрөшүү, аларды дене тарбия жана спортко тартуу, ошондой эле шаардын спорт маданиятын өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
1.2. Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Дүйнө чемпионатында, U- 23 дүйнөлүк чемпионатында, Азия чемпионатында, Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында, Кыргызстан чемпионаттарында жана Ислам оюндарында байге ээлери (1-2-3-4-5-орундар).
1.3. Кара-Балта шаарында спортчулардын жана машыктыруучулардын иштеринин тартибин жана баасын, алардын спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын аныктайт.
1.4. Бул Жобонун колдонулушу Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, дүйнө чемпионаттарында, U- 23 дүйнөлүк чемпионаттарда, Азия чемпионаттарында, ардагерлердин дүйнөлүк чемпионаттарында, Кыргызстан чемпионаттарында жана Ислам оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон бардык машыктыруучуларга жана спортчуларга жайылтылат.
1.5. Байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоону Кара-Балта шаардык кеңешинин социалдык маселелер (саламаттык сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иштөө) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы боюнча жана Кара-Балта шаарынын мэриясы, «Манас» спорт топтому менен макулдашуу шаардык кеңештин бекитилген бюджетине ылайык жүргүзүлөт.
1.6. Кара-Балта шаардык кеңешинин социалдык маселелер (саламаттык сактоо, экология, спорт, маданият, билим берүү, жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иштөө) туруктуу депутаттык комиссиясы жеңүүчү, сынакта байгелүү орун алгандар тууралуу, төмөнкү күбөлөндүрүлгөн документтердин негизинде маалымдайт:
- спорттук мелдештин протоколунун көчүрмөсү;
- спорттук мелдештердин дипломдору, медалдары;
- спорттук мелдештердин жүрүшүндө интернет булактарында жарыяланган маалыматтардын негизинде; Көрсөтүлгөн документтин аныктыгын күбөлөндүргөн жана төмөнкү документтин туура толтурулганы үчүн жооптуу болгон машыктыруучу жана 16 жаштан жогорку спортчулар;
- Байгелүү спорттук мелдештердин жыйынтыгы үчүн машыктыруучу жоопкерчилик тартат;
- спорттук мелдештердин жыйынтыгы боюнча фото-видео отчет;