Редакцияот 16.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы

 

2022-жылдын 16-декабры № 16/7

 

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жолдордун четине таштанды таштаган жарандарга айып пул салуу жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жолдордун четине таштанды таштаган жарандарга 5000 (беш мин) сом айып пулу салынсын.

 

2. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Досатовго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин туруктуу укук жана этика комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз-Кыштак айылдык

кеңештин төрагасы:

 

 

 

Машрапов К.П